Биринчи май районунун “Ак-Босого” конушунда профессор Зима жана Архитектура көчөлөрүнүн кесилишиндеги жол белгилери жакшыртылды.
Иш борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиевдин көчмө жыйынынын жыйынтыгында аткарылды.
Жол коопсуздугу үчүн эми кесилиштеги негизги жол Профессор Зима көчөсү болот.
Белгилей кетсек, аталган жол тилкеси калктуу конуштагы коомдук транспорттун негизги жолу болуп саналат.