"Газпром Кыргызстан" ЖЧК Бишкектин Алыбаев жана Ломоносов көчөлөрүнүн кесилиштериндеги жер астындагы газ өткөргүчтөн газдын чыгуусун токтотуу үчүн жаратылыш газын берүүнү токтотот.

Буга байланыштуу “Бишкекжылуулукэнерго”коммуналдык ишканасы да 2021-жылдын 15-19-ноябрына чейин жылуулук жана ысык суу берүүнү аргасыздан  токтот.

“Красный строитель” конушундагы, Крылов 5 дарегинде жайгашкан “НГЧ” отканасы өчүрүлөт.

Жеринде "Газпром Кыргызстан" ЖЧКнын оңдоо иштерин жүргүзүүчү тобу жана атайын техникалары иштеп жатат.
Урматтуу шаардыктар! Келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайбыз.