Бишкек шаарынын мэриясынын  Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы  «Тазалык» муниципалдык ишканасынын  атайын  бөлүмү менен биргеликте мыйзамсыз объекттерди алуу иштерин улантууда.

Ынтымактуу иштердин жыйынтыгын Патриса Луммубы көчөсү №70 үйдүн жанынан көрсө болот,  ал жакта биздин топ уруксат кагазы жок коюлган  эки күркө  алынды.

Садыгалиев  көчөсүндөгү  №90 үйдүн маңдайындагы  мыйзамсыз күркө демонтаждалды.

Элебаев жана Скрябин көчөлөрүнүн кесилишинде өзүм билемдик менен орнотулган жеңил типтеги объекттилер дагы демонтаждалды, ошондой эле Скрябин көчөсүндө күркө алынды.

Берилген эскертүүлөрдүн  негизинде Орозбеков жана Саадаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги күркө өз ыктыяры менен алынды.
Улан кичи районунда  4 күркө муниципалдык аймакты бошотту.

Урматтуу шаардыктар! Жер пайдалануу жана крулуш эрежелерин бузбоону өтүнөбүз! Эгерде биздин талаптар аткарылбаса Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын кызматкерлери өзүм билемдик менен орнотулган объекттерди демонтаждоого мажбур болот.