Шаардык «Диалог» маданият үйүндө Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата «Мен жашоону тандайм» аттуу иш-чара өткөрүлдү.

№57-мектептин окуучулары тематикалык видеороликтерди көрүшүп, "СПИД" шаардык борборунун  дарыгеринин лекциясын угушту. Балдар сүрөт сынагына кубаныч менен катышып, сыйлыктарга ээ болушту. Мындан тышкары. “ВИЧ/СПИД жөнүндө эмне билесиз?” викторинасына катышып, флешмоб бийлешти.

№2 балдар искусство мектебинин мугалиминин музыкалык чыгармасы жана хор студиясынын аткаруусу кол чабуулар менен тосуп алынды.

Ошондой эле мектеп окуучуларына шаардык СПИДге каршы күрөшүү борбору тарабынан берилген маалыматтык китепчелер тапшырылды.