Бишкектин бардык райондорунда отун базалары жана калкка көмүр сатуучу стационардык пункттар бар.
Биринчи май районунда көмүр сатуучу кошумча пункттар ачылып, алардын саны 12. «Кара-Кече» көмүрүнүн бир мүшөгү 250 сомдон төмөнкү даректерден сатып алууга болот.
- Щербаков көчөсү № 121;
- «Азиз» базары (Махатма Ганди бульвары, 201);
- Саадаев менен Чүй көчөсү №56 дарегинин кесилишинде;
- Месарош көчөсү № 96;
- Кызыл-Кийский көчөсү №170;
- Дэн Сяопин пр. № 531;
- Алыбаев Мидин жана Мыскал көчөлөрүнүн кесилишинде;
- Махатма Ганди бульвары жана Жапаров көчөсүнүн кесилишинде;
- Архитектор жана Чүй №23 көчөлөрүнүн кесилишинде;
- Профессор Зима көчөсү № 198;
- Архитектор көчөсү №43;
- Махатма Ганди бульвары №210.
Свердлов районунда ИК (инновациялык компания) «Гефест» ишканасынын Достоевский №1 дарегиндеги отун базасынан көмүр ташылат. 1 тонна «Шабыркүл» көмүрүнүн баасы 4500 сом.
Көмүр да жеке жактар тарабынан 11 соода түйүндөрүндө сатылат. «Кара-Кече» көмүрүнүн баасы тоннасына 4500 сом, мүшөгү 250 сом:
- айланма жолдо 10 пункт ("Келечек" конушу);
- айланма жолдо 1 пункт ("Дордой-2" конушу).
Октябрь районунун көмүр базасы Төкөлдөш конушунда («Кара-Жыра» ЖЧКсы) жайгашкан, 1 тоннасы 4500 сом.
Ошондой эле, Анкара-Достоевский көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Кара-Жыгач» жаңы конушунда «Кара-Кече» көмүрүнүн 1 тоннасы 4800 сомдон, 1 мүшөгү 250 сомдон сатылууда.
Ленин районунда төмөнкү даректерде көмүр сатылууда:
- Мурманская көчөсү №1 «Ак-Жол» ЖЧКсы ;
- Мурманская № 59А "Торг-Синтез" ЖЧКсы;
- Мурманская № 259 «Береке» ЖЧКсы;
- Мурманская № 1Б «Беш Сары» ЖЧКсы;
- Пушкин көчөсү № 182;
- Гагарин көчөсү № 67;
- Баррикадный чолок көчөсү №2.
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Көмүр базасы Мурманская № 306б дарегинде жайгашкан.