Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы “Бишкекбашкыархитектура” мамлекеттик мекемеси, райондук администрациялар Бишкек шаарынын борбор көчөлөрүндө тиешелүү документтери жок орнотулган көрнөк-жарнактарды алып жатышат.
Биз 312 жарнама конструкцияларды демонтаждадык (штендерлер, баннерлер, илмек)
Свердлов районунда төмөнкү даректер боюнча 118 конструкция алынды:
-Чүй проспектисинде Төрөкул Айтматов көчөсүнөн баштап Курманжан Датка көчөсүнө чейин;
-Мамбетов көчөс Төрөкул Айтматов көчөсүнөн Курманжан Датка көчөсүнө чейин.
Ленин районунда 46 даана төмөнкү дааректе:
-Манас проспектисинде Чүй проспектисинен Ахунбаев көчөсүнө чейин.
Октябрь районунда 84 жарнак алынды:
-Байтик Баатыр көчөсүндө Семетей көчөсүнөн Магистраль көчөсүнө чейин;
-Чынгыз Айтматов проспектиси Семетей көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейин.
Биринчи май районунда 64 конструкциялар алынды:
-Манас проспектисинде Ахунбаев көчөсүнөн баштап Чүй проспектисине чейин.
Кыргыз Республикасынын “Бузуулар жөнүндө” кодексинин 277- беренесине ылайык, 112500 сомго 10 протокол түзүлдү.
Урматтуу шаардыктар! Өзүм билемдик менен орнотулган көрнөк-жарнактарды өз ыктыярыңыздар менен алууну суранабыз. Эгерде жогорудагы айтылган талаптар аткарылбаса тиешелүү кызматтар тарабынан бузуу иштерин жүргүзүүгө туура келет жана КРнын “Бузуулар жөнүндө” кодексинин 277 -бернесине ылайык, айып пул салынат (жеке жактарга – 5 500 сом, юридикалык жактарга – 17 000 сом).