Борбор калаанын гүлзарларына жоогазындын баштарын отургузуу иштери башталды.

Жазгы гүлдөрдүн түрдүүлүгү шаардыктарды түстөрдүн жана оймо-чиймелердин палитрасы менен кубантат.

Быйыл баш калаанын гүлзарларына жалпысынан 150 миң баш жоогазын гүлдөрү отургузулду.

Эми шаардыктар жазында Жаштар аллеясында, Пушкин көчөсүндө Курмаржан датканын эстелигинин жанындагы Театралдык паркта жана Фрунзе менен Ибраимов көчөлөрүндө, Ахунбаев-7-Апрель көчөлөрүнүн кесилишиндеги жоогазындардын кооздугуна ырахат ала алышат.

Эске сала кетсек, былтыр жазында борбор калаада 130 миң жоогазын гүлдөгөн.

Белгилей кетсек, жоогазындар соолуп калгандан кийин, баштары кылдаттык менен казып, кургатып, кийинки күздө кайра отургузушат.