Борбор калаанын райондук администрациялары эмдөөнүн эффективдүүлүгү тууралуу маалымат берүүнү улантууда.
Октябрь райондук администрациясы Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун эпидемиолог-иммунолог дарыгери Акматова Д.К. менен биргеликте райондук милиция кызматкерлерине эмдөө боюнча лекция өткөрдү. Лекцияга 85тен ашык кызматкер катышты.
Ал эми Ленин райондук администрациясы тарабынан райондун аймагында жайгашкан жогорку жана орто атайын окуу жайлардын жетекчилерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Ленин районундагы №1 БҮМБнун директорунун орун басары шаар тургундарына эмдөөнү киргизүү боюнча түзүлгөн кырдаалга токтолду.
Бүгүнкү күндө Ленин районунун аймагындагы 11 Жогорку окуу жайынын 12 648 студенти жана 11 орто атайын окуу жайынын 13 033 студенти вакцинаны алышкан.
Бул багыттагы иштер улантылууда.
Урматтуу шаардыктар! Эмдөө - коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуунун эң натыйжалуу ыкмасы. Эмдөөдөн өтүңүз, өзүңүздү жана жакындарыңызды коргоңуз!