Октябрь райондук администрациясында 2021-жылдын 28-ноябрына белгиленген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча райондук штабдын кезектеги жыйыны болуп өттү.

Жыйынды акимдин биринчи орун басары Кубанычбек Айтакунов алып барып, райондук кызматтардын кызматкерлеринин катышуусунда өттү.

Участкалык шайлоо комиссияларын (УШК) материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу, ошондой эле райондун  ар бир шайлоо участогунда санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту сактоо маселелери боюнча жардам көрсөтүү талкууланды.

Учурда шайлоо участкаларынын даярдыгы 85%ды түздү. Объектилерди бардык зарыл нерселер менен жабдуу боюнча пландуу иштер жүргүзүлүп жатат.

Жыйынтыгында участкалык шайлоо комиссияларына жүктөлгөн райондук кызматтарга керектүү техникалар менен өз убагында камсыз кылуу боюнча тапшырмалар берилип, ошондой эле муниципалдык кызматкерлерди, кварталдык, үй комитеттеринин  төрагаларын шайлоого кийлигишүүгө жол бербөө эскертилди.

Урматтуу шаардыктар, эгерде сиздер алдыдагы шайлоо процессине акимчиликтердин, МАБдардын кызматкерлеринин, билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин кийлигишүүсүнө күбө болсоңуздар, тез арада бизге кабарлап коюуңуздарды суранабыз. Арыздар саат 9:00дөн  18:00гө  чейин төмөнкү номерлер боюнча кабыл алынат:

Октябрь району: 0 (312) 57-89-00, ошондой эле WhatsApp: (0772) 408-412;

КРнын  БШКнын ишеним телефону: 1255, 660240.