Биринчи май райондук администрациясында кезектеги пландык  жыйын өттү.

Пландык жыйын райондун акими Жамалбек Ырсалиевдин төрагалыгы астында өтүп, ага  Мамлекеттик салык кызматынын Биринчи май району боюнча өкүлү, МАБдардын жетекчилери, райондук кызматтардын жана бөлүмдөрдүн башчылары катышты.

Үч маселени талкууладык: 2021-жылдын 10 айында жергиликтүү салык чогултуу түрлөрү боюнча жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышынын региондук көрсөткүчтөрү, Батыш РЭСтин 2021-2022-жылдарга карата жылуулук мезгилине даярдыгы жана Биринчи май районунун аймагындагы  коомдук-саясий абал.

Жыйындын жүрүшүндө жооптуу кызматтардын отчеттору угулду.

Өткөрүлгөн пландык жыйындын  жыйынтыгы менен райондук салык кызматтарына жана МАБдарга, администрациянын экономика жана финансы бөлүмүнө 4-кварталдагы салыктын түрлөрү боюнча жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн аткаруу боюнча тийиштүү чараларды көрүү сунушталды. Райондун борбордук көчөлөрүндөгү бардык электр чубалгыларын сызыкка келтирүү жагы Батыш РЭСке тапшырылды.

Шайлоонун алдында укук коргоо органдары коомдук тартипти сактоо боюнча ишин күчөтөт.