Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына (БТИК) жана участкалык шайлоо комиссияларына (УШК) жардам көрсөтүү боюнча шаардык штабдын жыйыны болуп өттү.
Үстүбүздөгү жылдын 28-ноябрына белгиленген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде материалдык-техникалык жактан камсыз кылуунун уюштуруу маселелери талкууланды.
Райондук администрациялардын башчыларына шайлоо участокторун генераторлор менен камсыздоо маселесин тез арада кароо тапшырмасы берилди.
«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасына ар бир шайлоо тилкесиндеги пандустардын курулуш нормаларына жана эрежелерине (СНиП) ылайык келүүсүн текшерүү, жок же аткарылбаган учурда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын тоскоолдуксуз кирүүсүнө шарт түзүү тапшырылды.
Бишкек шаарынын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгери УШКларды санитардык-эпидемиологиялык нормалардын жана эрежелердин сакталышын белгиленген тартипте текшерет, эгерде кемчиликтер болсо, райондук акимчиликтер аларды жоюуга киришет.
Мындан тышкары, мэр шаардык кызматтардын бардык кызматкерлерине шайлоо процессине кийлигишүүгө жол бербөө үчүн чектөөлөрдү так сактоону эскертти.
Урматтуу шаардыктар! “Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын ар бир жараны биометрикалык каттоодон өтүшү керек. Эгерде сиз 16 жаштан ашкан болсоңуз же биометрикалык каттоодон өтө элек болсоңуз, биз сизди күтөбүз!
Эске салсак, ар бир кыргызстандык шайлоочулардын тизмесинен өзүн текшере алат: https://tizme.gov.kg/view/public/
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын ишеним телефону: 1255; 0 (312) 660240