№13 мектеп-гимназиясында Ленин районунун акими Русланбек Тагаевдин төрагалыгы алдында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча райондук штаб болуп өттү.

Штабга бардык УШКнын төрагалары, Ленин райондук шайлоо комиссиясынын төрагасы, ошондой эле шайлоо комиссияларына бекитилген райондук жана шаардык кызматтар чакырылган.

Райондук штабда райондук шайлоо участкаларын материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу, коомдук тартипти жана Автоматташтырылган башкаруу системасынын коопсуздугун камсыз кылуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого муниципалдык жана мамлекеттик кызматкерлердин кийлигишүүсүнө жол бербөө маселелери каралды.

Штабдын жыйынтыгында шаардык жана райондук кызматтарга УШКларды материалдык-техникалык жактан камсыздоо процессин тездетүү, ошондой эле кызматкерлер арасында шайлоого кийлигишпөө боюнча такай түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.

Урматтуу шаар тургундары! Эгерде сиздер алдыдагы шайлоо процессине акимчиликтердин, МАБдардын кызматкерлеринин, билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин кийлигишүүсүнө күбө болсоңуздар, тез арада бизге кабарлап коюңуздарды суранабыз. Кайрылуулар эртең мененки саат 9:00дон кечки саат 18:00 чейин 0(312) 65-69-02 телефон номуру, фото жана видеоматериалдар (0702) 927288 WhatsApp номуру боюнча кабыл алынат.