Үмөталиев көчөсүндөгү №157 турак жайдын жанындагы бакты кыюу фактысы боюнча тез арада ишти иликтөө үчүн комиссия түзүлдү.
Комиссиянын курамына Санитардык-экологиялык инспекциясы, «Бишкекжашылчарба» МИ жана ИИМдин патрулдук кызматынын өкүлдөрү кирди.
Жеринде «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасы кыюуга эч кандай уруксаат бербегендиги аныкталып, Санитардык-экологиялык инспекциясы тарабынан «Нур-Энергопромсервис» курулуш ишканасына КРнын «Бузуулар жөнүндө» кодексинин 120-беренесине ылайык, жашыл аянтчаларды мыйзамсыз кыюу фактысы боюнча 13 миң сом өлчөмүндө протокол түзүлдү. Тартип бузгандар күнөөсүн мойнуна алып, токтом чыгарылды.
Ошондой эле жашыл аянтчаларды калыбына келтирүү боюнча андан ары кароо үчүн акт түзүлдү.
Урматтуу шаар тургундары! Таштандыларды таштоого же мыйзамсыз бак-дарактарды кыюуга күбө болсоңуз, Санитардык-экологиялык инспекциянын төмөнкү телефондоруна кайрылсаңыздар болот:
- Свердлов району боюнча: 0551551745;
- Октябрь району боюнча: 0505523832;
- Биринчи май району боюнча: 0555404818;
- Ленин району боюнча: 0554222213.