Биринчи май райондук администрациясында жалпы билим берүү мекемелеринин жана жогорку окуу жайлардын жетекчилери менен COVID-19га каршы эмдөөнүн натыйжалуулугу боюнча жыйын өттү.


Акимдин орун басары Аида Рысбаева COVID-19 коронавирус инфекциясына каршы эмдөөнүн маанилүүлүгү жана санитардык нормаларды жана эрежелерди сактоо боюнча маалыматтык-түшүндүрүү маегин өткөрдү.


Жыйынга райондук МАБдардын жетекчилери катышып, билим берүү мекемелери менен өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды.
Белгилей кетсек, октябрдын аягында Кыргызстанга COVAX программасынын алкагында вакциналардын дагы бир партиясы келген. 259 740 доза Pfizer вакцинасы жана 111 600 доза SinoPfarm жеткирилди.


Республикалык иммунопрофилактика борбору Бишкекке төрт БҮМБна  4680 доза Pfizer, ар бир районго 1170 доза бөлгөн. Эки күндүн ичинде 319 жаран Pfizer  вакцинасынын биринчи дозасы менен эмдөөдөн өттү.


Биринчи май районунун аймагында калкты эмдөө менен максималдуу камтуу максатында эмдөө пункттары төмөнкү даректерде иштейт:


- №3 ҮМБ, №7 ҮМБ саат 8:00дөн  23:00гө чейин;
- №14 ҮМБ, №16 ҮМБ, «Бишкек Парк» соода борбору саат 8:00дөн  17:00гө чейин;
- «Vefa Center» соода борбору саат 10:00дөн 20:30га чейин.


Эмдөөдөн өтө турган адамдардын жанында паспорту болушу керек, анткени бардык маалыматтар (паспорт жана вакцина боюнча маалыматтар) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин  COVID-19га каршы эмделгендердин маалымат базасына киргизилет.


Урматтуу шаардыктар! Бүгүнкү күндө эмдөө гана коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуунун эң эффективдүү ыкмасы экенин эскертебиз. Вакцинаны алыңыз, өзүңүздү жана жакындарыңызды коргоңуз!