Свердлов райондук администрациясында аппарат жетекчиси А.Кожомкуловдун төрагалыгы астында райондук кызматтардын жетекчилери жана МАБдардын  жетекчилеринин катышуусунда коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү боюнча райондук  штабдын кезектеги жыйыны болуп өттү.

Күн тартибинде COVID-19га каршы эмдөө боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин, анын ичинде райондогу мектептердин жана бала бакчалардын педагогикалык жамаатынын маселелери талкууланды.

Жыйындын жыйынтыгында калк арасында түшүндүрүү иштерин, анын ичинде эмдөө пункттарынын иш графиги боюнча, ошондой эле ҮМБнын жарандарды кабыл алуу жана дем алыш күндөрүндөгү иштери боюнча түшүндүрүү иштерин күчөтүү чечими кабыл алынды.

Урматтуу шаардыктар! Эмдөө алууга чакырабыз!  Белгиленген санитардык-эпидемиологиялык талаптарды жана нормаларды мындан ары да сактоону суранабыз: беткап тагынгыла, аралыкты сактагыла, антисептикти колдонгула жана жайларды тез-тез желдетип тургула. Өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүңүздөр!