Бишкек шаарын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча жарыяланган ишембиликтин алкагында калаанын  бардык райондорунда  массалык ишембиликтер өткөрүлдү.

Иш-чарага 5 миң 370ке жакын адам катышып, 319дан ашык мекеме-уюм, 38 атайын техника тартылган.

Шаардын төрт районунда тең ишембиликтерге райондордун тургундары, муниципалдык аймактык башкармалыктардын кызматкерлери, бардык райондук кызматтардын кызматкерлери, ЖОЖдордун студенттери, ошондой эле мекеме-ишканалардын, чарбалык субъектилердин өкүлдөрү активдүү катышты.

Ленин району боюнча 96 мекеме-уюм 2002 адам ишембиликке чыгышкан. Катышуучулар райондун муниципалдык башкармалыгынын жанаша жайгашкан аймактарын, ирригациялык тармактарды, ички чарбалык аймактарды, сейил бактарды, аянттарды жана көчөлөрдү иретке келтиришти. 95 куб метрден ашык таштанды чогултулуп чыгарылды. 43 320 миң чарчы метрден ашык аймак санитардык тазалоодон өттү.

Октябрь району боюнча ишембиликке 918 адамдан турган 45 мекеме-уюмдар катышты. Катышуучулар имараттарга жанаша жайгашкан аймактарды, ички аянттарды тазалап, Ынтымак паркына 250 түп көчөт отургузушту.

Биринчи май району боюнча ишембиликке 85 мекеме-уюм 1250 адам катышты.

Свердлов району боюнча ишембиликке 1200 адамдан турган 93 уюм жана мекеме катышты.

Шаарды тазалоого шаардык муниципалитеттин бардык түзүмдүк бөлүмдөрү, муниципалдык ишканалары жана МАБдардын өкүлдөрү  чыгышты.

“Бишкекжылуулукэнерго” ишканасынын кызматкерлери жана шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгынын кызматкерлери Бакаев көчөсүндө жана ушул көчөнүн боюнда жайгашкан сейил бакта ишембилик өткөрүп, сейил бак менен ирригациялык тармактарды тазалап,  210 куб метрден ашык таштанды чыгарышты.

Шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкерлери тегерек-четин таштандылардан тазалады. Билим берүү башкармалыгынын кызматкерлери Бөкөнбаев-Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишиндеги сейил бакты иретке келтиришти.

Түшкү тамакка чейин 210 куб таштанды чыгарылды. Жыйноо иштери уланууда.

Бишкек сүйүктүү таза шаар!