Биринчи май районунун акиминин орун басары Аида Рысбаева райондогу билим берүү мекемелериндеги оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышып, жаңы имараттарда жайгашкан фельдшердик амбулаториялардын иши менен таанышты.

«Касым» конушунун №1 «Шоола» мектепке чейинки билим берүү уюмуна биринчилерден болуп келдик.

Сентябрь айынын ортосунда шаар мэри Айбек Жунушалиев иш сапарынын жүрүшүндө Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгына бул бала бакчаны оңдоо иштеринин титулдук тизмесине киргизүүнү жана имараттын конструкциясын бекемдөө менен оңдоо-калыбына келтирүү иштерин баштоону тапшырган.

Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын    конкурсунун жыйынтыгы боюнча «Изоел» курулуш ишканасы тарабынан жумуштар аткарылууда. Биринчи кабаттын полун демонтаждоо иштери башталды.

Белгилей кетсек, өткөн жылдын март айында бала бакча авариялык абалда деп табылган. Имаратты эксплуатациялоодо жер астындагы инженердик коммуникациялар агып кеткен, бул биринчи кабаттагы тосмолор тунушуна жана кабаттардын чөгүп кетишине алып келген.

Андан соң №18 (Карагай көчөсү, 31) орто мектебинин 225 орундуу кошумча 2 кабаттуу окуу корпусунун курулушунун жүрүшү менен тааныштык. Бүгүнкү күндө курулуш иштери 80%га аткарылды. Каражат коррупцияга каршы депозиттик эсептен бөлүнгөн, Чүй облусунун   мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын (ОГУКС) сынагынын негизинде "Дастан Group" компаниясы иштеп жатат. Куруучулар бул ишти быйылкы жылдын аягына чейин буткөрүүгө убада беришти.

Андан соң 5 гектар аянтка жайгашкан 660 орундуу жаңы мектепти куруу пландалып жаткан «Мурас-Ордо» конушуна бардык.

Чатыры төшөлүүдө. Объектте подрядчы «Модерн» ЖЧКсы Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын  конкурсу боюнча иш алып барууда.

Ошондой эле, «Мурас Ордо» конушундагы №13 ҮМБнун  врачтык амбулаториясына да кайрылдык. Тургундарды үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, терапевт, педиатр, гинеколог, медайым тейлейт. Стоматологиялык кабинет, медициналык жана классикалык массаж үчүн бөлмө, эмдөө жана дарылоо бөлмөлөрү бар.

Мындан тышкары,  бул жерден COVID-19 вакцинасын ала аласыз. Калкты Кытайда чыгарылган «Синофарм» вакцинасы менен эмдөө иштери жүрүп жатат.