Шаардык кызматтар тарабынан борбордун эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу иштери уланууда. Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын инпекторлору  “Бишкекбашкыархитектура” мамлеткеттик мекемесинин, райондук администрациясынын адистери менен биргеликте жарнамалык конструкцияларды алып жатышат.

Бул иште “Бишкекжашылчарба” жана “Бишкекжарык” муниципалдык ишканалары  жардам көрсөтүп жатышат.
Төмөнкү дааректерде жарнамалык конструкциялар алынды:

-Ленин районунда Чүй проспектисинде Жаш Гвардия бульварынан баштап Манас проспектисине чейин 14 - баннер,13 – жарнак илмекчелер, 5 – штендер, 4 – лайтбокс, 3 – пано демонтаждалды.

-Биринчи май районунда Чүй проспектисинде Манас проспектисинен баштап Тоголок Молдо көчөсүнө чейин  44 – баннер, 16 – штендер, 6 – көрсөткүчтөр (лайтбокстор),  2 – темир тосмо, 1 – күч өлчөөчү аппарат алынды.

-Октябрь районунун Ахунбаев көчөсүндө Чынгыз Айтматов проспектисинен баштап Байтик Баатыр көчөсүнө чейин  23 – баннер, 5 – штендер, 7 – темир тосмо, 8 – темир түркөктөр демонтаждалды.

Урматтуу шаардыктар! Жер пайдалануу жана курулуш эрежелерин сактоону суранабыз!  

Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын социалдык тармактарда баракчалары:
Facebook: https://www.facebook.com/uzsbishkek/
Instagram: uzs@bishkek.kg
Twitter: @uzsmeriakg