Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясынын кызматкерлери тарабынан күн сайын Бишкек шаарынын муниципалдык аймагынын экологиялык абалын жакшыртуу, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Бекитилген графикке ылайык, рейддик иш-чаралар жүргүзүлүп,  иш-чаранын жүрүшүндө жарандар жана уюмдар тарабынан санитардык-экологиялык нормалардын сакталбагандыгы боюнча мыйзам бузуулар аныкталган.

Тазалык жана тартипти сактабаган коммерциялык уюмдарга 70-берененин негизинде 3-13 миң сомдон айып салынды: «Мерибелл Текстиль Иншаат», «Партнер KG», ошондой эле Ч.Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театры жана шаардыктар Бейшенбаева И., Закиров М., Калыбекова А.

Бузулган жолдун оңдолбогон элементтери үчүн «Пегас Ала-Тоо» жана «Электросила» коммерциялык уюмдары 119-берененин 2-бөлүгү боюнча 23 миң сом өлчөмүндө жоопкерчилик тартат.

Өндүрүштүк таштандыларды белгиленбеген жерге чыгаргандыгы үчүн шаар тургундары  А.Өзүбековага, Т.Мырзаевага, А.Рысматовага 71-берененин 2-бөлүгүнө ылайык 7500 сом айып салынган.
Урматтуу шаардыктар, ишкерлер жана уюмдар! Үйлөрдүн жана кеңселердин жанында тартипти сактаңыздар, таштандыларды белгисиз жайларга ыргытпаңыздар жана өрттөбөңүздөр, анткени борбор калааны көрктөндүрүү эрежелерине ылайык, БААРЫБЫЗ(!) айлана-тегеректи 10 метр аралыкта таза кармоого милдеттүүбүз!