Свердлов районунун акими Бахтияр Карамшаков Бишкек шаардын тургундарын жеке кабыл алды.
Шаардыктардын кайрылууларында социалдык жана шаар куруу көйгөйлөрүн чечүү, балдарды бала бакчаларга орноштуруу, калктын аярлуу катмарына материалдык жардам көрсөтүү, чатырларды оңдооп-түзөө иштерин уюштуруу жана аларды жакшыртуу боюнча маселелер көтөрүлдү.
Шаардыктардын кайрылуусунун жыйынтыгында муниципалдык администрациянын тиешелүү кызматтарынын жетекчилерине жана жооптуу кызматкерлерине жогорудагы маселелер боюнча белгиленген тартипте ыкчам чечүү тапшырылды.
Эскерте кетсек, Свердлов районунун башчысы ар бейшемби күнү саат 15:30дан 17:30га чейин алдын ала жазылуу боюнча жеке кабыл алууларды өткөрөт. - (0312) 36-01-93 телефону аркылуу алдын ала жазыла аласыз.