Биринчи май районунун акимиаты «Нурлуу кайрымдуу кыздар» кайрымдуулук фонду менен биргеликте райондун социалдык жактан аялуу катмарына колдоо көрсөтүү максатында иш алып барууда.

Биз 16 жетим балага Redmi 9A үлгүсүндөгү жаңы уюлдук телефон, спорттук форма, кышкы куртка, бут кийим жана кеңсе буюмдары түрүндө колдоо көрсөттүк.

Район башчысы Жамалбек Ырсалиев көрсөтүлгөн жардам үчүн ыраазычылык билдирип, фонддун өкүлдөрүнө акимчиликтин ыраазычылык каттарын тапшырды, өз кезегинде демөөрчүлөр Биринчи май районунун акимиатын да ыраазычылык кат менен белгилешти.
Белгилей кетсек, фонд турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарга жана алардын камкоорчуларына дайыма материалдык жана моралдык колдоо көрсөтүп келет.