Борбор калаабыздын жана жаңы конуштарынын тургундарынын биримдигин, ынтымагын бекемдөө максатында  “Конуштар ынтымагы 2021” долбоору өткөрүлүп, конуштун жана шаардын активдүү тургундарына  «Тарых таза адамдар менен куралат» сыйлыктары ыйгарылды.

Салтанаттуу иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев жана конуштардын активдүү тургундары катышты.

Калаа башчысы Айбек Джунушалиев иш-чаранын катышуучуларына жана уюштуруучуларына терең ыраазычылык билдирип, калаанын, жаңы конуштардын инфраструктурасынын өнүгүүсүнө автивдүү тургундардын салымы чоң экенин белгиледи.

Иш-чара концерттик программа менен коштолуп, сыйлыктарды тапшыруу менен жыйынтыкталды.