«Газпром балдар үчүн» спорттук-эс алуу борборунда «Мектеп лигасы» шаардык программасынын райондук этабы башталды.

Мелдеш спорттун 11 түрү боюнча: кичи футбол, волейбол, баскетбол, бадминтон, тогуз коргоол, стол тенниси, ордо, дартс, аркан секирүү, балдар жеңил атлетикасы жана шахмат боюнча бардык карантиндик талаптарды сактоо менен өткөрүлүүдө.

Эске сала кетсек, Мектеп лигасы эки этапта өткөрүлөт:
1-этап - Бишкек шаарынын жалпы билим берүүчү мектептеринде жана гимназияларында райондук спорт комитеттери тарабынан өткөрүлөт;
2-этап - шаардык этап (райондук этап аяктагандан кийин өткөрүлөт) 2022-жылдын январынан баштап.

Шаардык «Мектеп лигасы» программасынын негизги максаттары – окуучуларды жана жаштарды сергек жашоого үйрөтүү, Бишкек шаарындагы балдар жана өспүрүмдөр спортун мындан ары өнүктүрүү, окуучуларды системалуу спортко тартуу, келечектүү оюнчуларды аныктоо, спорт күйөрмандарынын бош убактысын уюштуруу.

«Мектеп лигасынын» райондук этабы график боюнча 4 райондогу райондук базаларда өтүүдө. Шаардык этапка спорт боюнча 1-4-орундарды ээлеген командалар катышат. «Мектеп лигасы» шаардык программасынын райондук этабына 10 миңден ашык мектеп окуучулары катышат.