Коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу жана ага каршы күрөшүү программасын ишке ашыруунун алкагында Октябрь райондук администрациясы райондук мектептердин окуучулары үчүн «Таберик» балдар музыкалык театры менен биргеликте «Өмүр үчүн!» музыкалык спектаклин уюштурду.

Театрдын тарбиялануучулары бүткүл дүйнөнүн бул илдетке каршы күрөшүн жана COVID-19 коронавирус инфекциясына каршы вакцинасынын жардамы менен жеңишке жетүү үмүтү жөнүндө айтып беришти.

Иш-чарага Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева, борбор калаанын Билим берүү башкармалыгынын башчысы Назгүл Лосникова, ошондой эле Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары катышты.

Белгилей кетсек, иш-чара бардык санитардык ченемдерди жана эрежелерди сактоо менен өткөрүлдү.

Урматтуу шаардыктар! Бүгүнкү күндө эмдөө гана коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуунун эң эффективдүү ыкмасы экенин эскертебиз. Вакцина алыңыз, өзүңүздү жана жакындарыңызды коргоңуз!