Ленин муниципалдык администрациясы тарабынан калк арасында COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы эмдөө алуунун зарылдыгы тууралуу маалымат берүү жана түшүндүрүү иштери туруктуу негизде жүргүзүлүүдө.
Ленин муниципалдык администрациясы «Баткен-Комфорт» базарынын жетекчилиги менен биргеликте сатуучулар менен кардарларга жолугушуу уюштурду. Лекцияга 130дан ашык адам катышты.
Башчынын биринчи орун басары Садык Мырзакматов, №1 Бириккен үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жана Бишкек шаардык ден соолукту чыңдоо борборунун адистери тарабынан базардын ижарачыларынын арасында COVID-19 коронавирус инфекциясына каршы эмдөө алуунун маанилүүлүгү жана санитардык талаптарды сактоо боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иши өткөрүлдү.
Урматтуу шаар тургундары! Бардыгыңыздарды вакцина алууга чакырабыз. Белгиленген санитардык-эпидемиологиялык талаптарды жана ченемдерди сактоону: беткап кийүүнү, аралыкты сактоону, антисептик колдонууну жана бөлмөнү тез-тез желдетип турууну суранабыз. Өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүңүз!