«Атайын багыттагы күчтөр күнүнө» карата 10128 "ПАНТЕР" аскер бөлүгүндө атайын майрамдык иш-чара болуп өттү.
Кесиптик майрамдын урматына аскердик бөлүктүн тарыхын жана атын чагылдырган мемориалдык тактанын жана пантеранын айкелинин ачылыш аземи да болду.
Аскердик бөлүктүн кызматкерлерин муниципалдык администрациянын аппарат жетекчиси Салмурбек уулу Азат куттуктап, өзгөчөлөнгөн кызматкерлерди муниципалдык администрациянын Ардак грамоталары менен сыйлады.
МААЛЫМКАТ:
«Пантера» атайын багыттагы бригадасынын тарыхы 1992-жылдын апрелинде Ленин районунун мурдагы аскер комиссариатынын аймагында атайын багыттагы батальон түзүлгөндөн башталат. Ошол эле жылдын апрель айынан июнь айына чейин комплектөө иши жүргүзүлгөн.
1993-жылдын апрель айында жеке курам тарабынан биринчи парашюттан секирүү болгон.
Аскердик бөлүк Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн курамына аба-десанттык машыгуу программасын ишке ашыруучу бирден бир бөлүгү болуп саналат.