«Бишкек токтотмолор жана унаа туруктары» муниципалдык ишканасынын адистери Биринчи май акимиатынын, Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын, Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын жана «Сары-Өзөн» базарынын кызматкерлери менен биргеликте  Клубный көчөсүндө (“Сары-Өзөн” базарынын борбордук кире бериши) рейддик иш-чара өткөрүштү (“Сары-Өзөн” базарынын борбордук кире бериши).

Текшерүү учурунда муниципалдык унаа токтотуучу жайдын ордун ээлеген стихиялуу сатуучулар аныкталды. Аларга байланыштуу унаа токтотуучу жайларда соода кылууга жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Базардын администрациясы базардын ичинде соодагерлер үчүн орундар бар экенин тастыктады.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө соодагерлер мындан ары соода кылуу үчүн базардын ичине өз ыктыяры менен көчүүгө макул болушту.
Белгилей кетсек, унаа токтотуучу жайларда унаанын багажынан түз соода кылууга тыюу салынган.

Урматтуу шаардыктар! Жол эрежесин бузбоону жана унааларыңызды атайын бөлүнгөн жайларга – унаа токтотуучу жайларга токтотууну суранабыз.