Бүгүнкү митингтин себеби: “Ош базарынын” парковщиктери эки күндүк жумушту үзгүлтүккө учуратып, жумушка тоскоолдук жаратты.
Парковщиктер жумушун таштап кеткенине байланыштуу алардын ордуна бүгүнкү күндө жаңы парковщиктер коюлуп, күнүмдүк план чогултуп иш уланууда.
Бул жагдайга маакул болбой, мурун иштеген парковщиктер Бишкек шаарынын мэриясынын алдына чогулуп митинг өткөрүшкөн.
Митинге чогулгандар Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Максатбек Сазыкулов менен жолугушууда “Бишкек токтотмолор жана унаа туруктары” муниципалдык ишканасынын жетекчилигин жумуштан алуу маселесин козгошту.
Вице-мэр бардык сунуштар жана даттануулар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык карала тургандыгын белгиледи.