Борбор калаанын мэриясы шаардыктарга Октябрь районундагы коммуналдык ишкана кайсы райондорду жана уюмдарды тейлерин  эскертет.

Октябрь районунда "Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасынын 5 отканасы бар: 10-кичи район, Орто-Сай, Малдыбаев, Сүт ашканасы жана ШРМ (ЦОМ).

Отканалар 1 саламаттыкты сактоо мекемесин, 1 мектепти, 2 бала бакчаны, 1 бюджеттик уюмду жана 32 турак үйдү жылуулук энергиясы менен камсыздайт.

Абанын булганышын  азайтуу жана акчаны үнөмдөө максатында 2017-жылы Орто-Сай отканасына күн коллекторлору орнотулган. Алардын орнотулушу менен зыяндуу заттардын чыгышы  30,27 тоннага азайган.

Малдыбаев  отканасы 2017 -жылы ишке берилген.

"Сүт ашканасы" электр энергиясы менен иштейт, калган бардык от казандар газ менен иштейт.

Эгерде сиз Октябрь районунун тургуну болсоңуз, төмөнкү отканалардан жылуулук энергиясын аласыздар:

- "10 -кичирайону" отканасы: 10 -кичирайону № 1, 2, 3, 4, 5, 6, 20/1, 26, 27, 29/1;
- "Орто-Сай" отканасы: Совмин конушу №1, 1/1, 1А, 2, 2А, 3, 4, 4А, 5, 6, 7, 8, 9, 10, 11, 12,
- "Малдыбаев" отканасы: Малдыбаев №54А, №54В.

Жакын арада сиздерге шаардыктарды жылуулук жана ысык суу менен камсыз кылган башка отканалар тууралуу айтып беребиз.