Ленин райондук администрациясы тургундарды COVID-19 коронавирус инфекциясына каршы эмдөөнү улантууда.
Ленин райондук администрациясы БҮМБ менен биргеликте Чоң-Арык айылынын тургундары үчүн көчмө эмдөө тобун уюштурган, анда 40тан ашык адам эмделди.
Дарыгерлер коронавируска каршы эмдөөнүн эффективдүүлүгү тууралуу маалымат беришти.
Бул багыттагы иштер уланууда.
Урматтуу шаардыктар жана борбордун коноктору! Сиздерден санитардык -эпидемиологиялык эрежелерди жана талаптарды сактоону улантууңузду: беткап кийүүнү, аралыкты сактоону, антисептик колдонууну жана имараттын ичин желдетүүнү суранабыз.
Өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүңүздөр!!