Учурда Кыргыз Республикасынын Улуттук госпиталынын кан тамыр хирургиясы бөлүмүндө жана тамактануу бөлүмүндө оңдоо иштери жүрүп жатат.
Объекттерде "Алым Строй" жана “ГТС Корп” ЖЧКлары иштеп жатат. График боюнча оңдоо иштери үстүбүздөгү жылдын декабрь айына чейин аяктайт.
Бөлүмдөрдүн ичин жасалгалоо иштерин жүргүзүү, пол жабууну алмаштыруу, электр энергиясын оңдоо (электр зымдарын жана приборлорун, анын ичинде өчүргүчтөрдү, розеткаларды, лампаларды толук алмаштыруу) пландаштырылууда. Ошондой эле душтар орнотулуп, палаталардагы жууну бөлмөлөрү жаңыртылат.
Урматтуу шаардыктар жана борбордун коноктору! Жогорудагы бөлүмдөрдөгү оңдоо иштерине байланыштуу суроолоруңуз, болсо, төмөнкү каналдарга кайрылыңыз:
- Маанаев Токтобай Исраилович, Саламаттыкты сактоо министрлигинин Улуттук госпиталынын директору. тел: 0552 400 500, e-mail: ng-mzkr@mail.ru
Борбордук ишеним телефондору: 0312 660663 (Саламаттыкты сактоо министрлиги), 0312 323202, 0312 323055, 0550 033607;
WhatsApp: 0770895556;
Сайттын дареги: www.med.kg.
Электрондук почта: mz@med.kg
Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук кабылдамасынын байланыш номери: +996 (312) 621023, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, көч. Москва, 148.
- Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин арыздарды кароо боюнча координатору - Юлдашева Максатай, WhatsApp: 0555482003; электрондук почта: maksatai.yuldasheva@gmail.com
- Дүйнөлүк банктын Кыргыз Республикасындагы кеңсеси: ул. Москва No 210. Электрондук почта: bishkek@worldbank.org, тел. +996 312 625262.
Дүйнөлүк банктын даттануулар кызматы:
Электрондук почта: grievances@worldbank.org
Факс: +1.202.614.7313
Почта аркылуу: Дүйнөлүк Банк, Даттануулар кызматы, MSN MC10-1018, 1818 H
Оңдоо иштери Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган COVID-19 Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү долбоорунун алкагында жүрүп жатат.
Долбоордун максаты-тиешелүү профилактикалык чараларды камсыз кылуу, дары-дармектерди, керектелүүчү материалдарды жана медициналык жабдууларды сатып алуу, ошондой эле саламаттыкты сактоо уюмдарынын шарттарын жакшыртуу аркылуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө COVID-19 пандемиясына каршы туруу потенциалын чыңдоого көмөктөшүү.