Борбор калаада 2021 -жылдын 28 -ноябрына белгиленген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча шаардык штабдын биринчи жыйыны болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө уюштуруу маселелерин чечүүдө шайлоо комиссияларына өз убагында жардам көрсөтүү жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону материалдык -техникалык жактан камсыздоо маселелери талкууланды.
Штабдын жыйынын Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов алып барды, ага Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, ошондой эле муниципалдык райондук администрациялардын башчылары, шаардык кызматтарынын жана түзүмдүк бөлүмдөрүнүн башчылары, МАБдардын жетекчилери, ЖОЖдордун ректорлору, мектептердин жана саламаттыкты сактоо уюмдарынын директорлору катышты.
Штабдын негизги тапшырмалары УШКларды кенен жайлар менен камсыздоо, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн шарттарды түзүү, үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо, өрт коопсуздугун жана коомдук тартипти көзөмөлдөө болду.
Муниципалдык кызматкерлердин жана муниципалдык ишканалардын жана аймактык башкармалыктардын кызматкерлеринин шайлоо процессине кийлигишүүгө жол берилбестиги өзгөчө белгиленди. Үй жана кварталдык комитеттерине партиялар жана айрым талапкерлер үчүн иштөөгө тыюу салынат, алардын мындай аракеттери үчүн жоопкерчилиги каралат.
Белгилей кетсек, Бишкекте 228ге жакын участкалык шайлоо комиссиялары иштеп жатат.