Свердлов районунун аймагында эмдөө маселеси боюнча калк менен жолугушуулар уланууда.

№9 ҮМБнын дарыгерлери №18 МАБдын тургундары үчүн семинар өткөрүштү. Аларга COVID-19га каршы эмдөөлөрдүн эффективдүүлүгү тууралуу маалыматтар айтылды.

Урматтуу шаардыктар! Баарыңыздарды  сактык чараларын көрүүгө жана  коомдук жайларда, транспортто беткап кийүүгө, социалдык аралыкты сактоого, эл көп чогулган жерлерге баруудан алыс болууга жана эмдөөдөн өтүүгө чакырабыз. Эмдөө - коронавирустук инфекциянын жайылышын алдын алуунун эң эффективдүү ыкмасы. Өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүңүздөр.