Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктады.
Шаар башчысы калаа мугалимдерин кызматына берилип, чыдамкайлык жана чоң ынтызарлык менен иштеп жатышкандыктарына терең ыраазычылыгын билдирип, Бишкек шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы менен сылайды.
Ошондой эле «Жүрөгүмдү балдарга арнадым» конкурсунун жеңүүчүлөрү төмөнкү номинациялар боюнча сыйланышты:
«Мыкты мугалим»
1- орун - Жапарова Гүлзат Жумагазиевна, №57 жалпы билим берүү мектебинин башталгыч классынын мугалими, акчалай сыйлык 150.000 сом;
2 -орун - Башманова Екатерина Юрьевна, №24 мектеп-гиназиясынын орус тили жана адабияты мугалими, акчалай сыйлык 130.000 сом;
3- орун- Акимбек кызы Айгерим, №20 мектеп-гимназиясынын кыргыз тили жана адабияты мугалими, акчалай сыйлык 100.000 сом.
3- орун - Ободова Наталья Валерьевна, №9, окуу-тарбия комплексинин физика мугалими, акчалай сылык 100.000 сом.
«Мыкты жаш мугалим»
1- орун - Тойчубеков Жакшылык Тойчубекович, №71 жалпы билим беруу мектебинин биология мугалими, акчалай сыйлык 100.000 сом;
1 орун - Темиркулова Азизат Темиркуловна, №31, мектеп-гимназиясынын кыргыз тили жана адабият мугалими, акчалай сыйлык 100.000 сом;
2- орун - Садирдинова Перизат Маратовна, №51 мектеп-гимназиясынын кыргыз тили жана адабият мугалими, акчалай сыйлыгы 80.000 сом;
3- орун - Көкүмбай кызы Гүлжамал, №6, мектеп-гимназиясынын кыргыз тили жана адабият мугалими, акчалай сыйлык 60.000 сом;
3- орун- Алмазбекова Майрамкүл Алмазбековна, №50, жалпы билим беруучу мектептин англис тили мугалими, акчалай сыйлык 60.000 сом.
«Эң мыкты мугалим»
1- орун - Беляева Светлана Александровна, №70 мектеп-гимназиясынын класс жетекчи мугалими, акчалай сыйлык 130.000 сом;
2- орун - Сапарова Дамира Кармышаковна, №38 мектеп-гиназиясынын класс жетекчи, акчалай сыйлык 100.000 сом;
3- орун - Укеева Жаркын Сабырбековна, №66 мектеп-гиназиясынын класс жетекчи, акчалай сыйлык 80.000 сом;
3- орун - Бейшеналиева Фарида Акимжановна, №84 жалпы билим беруу мектеби, класс жетекчи, акчалай сыйлык 80.000 сом.
«Мыкты тарбиячы»
1- орун - Байтанаева Акмарал Молдалиевна, Свердлов районуна караштуу №100 мектепке чейинки билим берүү уюму, акчалай сыйлык 130.000 сом;
2- орун - Шералиева Рита Абдырасуловна, Ленин районунан караштуу №53 мектепке чейинки билим берүү уюму, акчалай сыйлык 100.000 сом;
3 -орун - Ормокеева Назгуль Усувалиевна, Свердлов районуна караштуу №51 мектепке чейинки билим берүү, уюму акчалай сыйлык 80.000 сом.
«Мыкты статустуу мектеп»
№70 мектеп-гимназиясына 1- орун берилип, интерактивдуу доска жана ноутбук менен сыйланды.
«Мыкты билим берүү мектеби»
№42 орто билим берүү мектебине 1- орун берилип, интерактивдуу панель коп функционалдуу тузмок менен сыйланды.
«Мыкты мектепке чейинки уюм»
Свердлов районуна караштуу №48 атайын мектепке чейинки уюмга 1- орун берилип, интерактивдүү доска, проектор, ноутбук и түстүү принтер менен сыйланды.
№4 жана №152 бала бакчалырына ноутбук жана түстүү принтер ыйгарылды.
Балдар чыгармачылыгы борбору кошумча билим берүүдө мыкты методикалык программа иштеп чыгышкан.
Шаардык балдар чыгармачылык борбору 1-орунду ээледи, борборго 2 компьютер, ноутбук жана түстүү принтер ыйгарылды.
Шаардык билим берүү системасында азыркы убакта 7 миңден ашуун мугалимдер эмгектенишет.
Бишкек шаарынын мэриясы бардык окутуучуларды дагы бир жолу кесиптик майрамы менен чын дилден куттуктайт.