Бишкек шаарынын мэриясынын 2021-жылдын 4-октябрындагы №213-р буйругуна ылайык, борбордо жылытуу мезгили 5-октябрга караган түнү  башталган.

Шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгынын маалыматы боюнча,  47 саламаттыкты сактоо уюмунун 42си жылуулук системасына кошулду.

Ал эми жылытууну туташтыруу процесси №2, 6, 11, 12 ҮМБда уланууда. Студенттердин поликлиникасында жылытуу системасын пландуу оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.
Ушул аптанын аягына чейин ооруканаларды  толугу менен жылуулукка кошуу пландалууда.