Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы муниципалдык аймакты шаарга жана шаар тургундарына кайтарууну үзгүлтүксүз улантууда.
Башкармалыктын доомат катынын негизинде Ахунбаев жана Тыналиев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан «Артис Глобал» көргөзмө борборун бузуу иштери жүрүп жатат.
Биздин команда Ибраимов көчөсүндөгү кеңейтүүнү бузууга жетишти. Ал жерде темир тосмолор да алынган. Ушундай эле тоскоолдуктар Чуйков көчөсүндө да алынды.
Ибраимов көчөсүндөгү темир гараж өз каалоосу менен демонтаждалды.
Белгилей кетсек, демонтаждоо көп убакытты талап кылат. Биринчиден, биз мыйзамсыз объектилердин ээлерине эскертебиз, түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз. Өз ыктыяры менен алынбаган учурда "Тазалык" муниципалдык ишканасынын атайын бөлүмүнүн жана Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан алынып салынат.
Урматтуу шаардыктар! Сиздерден жерди пайдалануу жана курулуш эрежелерин бузбоону суранабыз. Анткени, бул эрежелерди сактоо шаардыктардын да, ишкерлердин да жашоосун жөнөкөйлөтөт.