Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Дүйнөлүк банктын практика жетекчиси Судешна Банерджи баштаган энергетика боюнча адистер тобу менен жолукту.
Жолугушууда жаңы технологияларды жана альтернативалуу отундарды колдонуу аркылуу борбор калаада абанын булганышын азайтуу боюнча комплекстүү чаралардын маселелери талкууланды.
Калаа башчысы бул маселелердин актуалдуулугун белгилеп, айлана -чөйрөнү коргоо боюнча практикалык чечимдерди иштеп чыгуу зарылдыгын белгиледи.
Өз кезегинде Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү Бишкек шаарынын энергетикалык коопсуздугун бекемдөө үчүн инвестициялык планды жана жол картасын иштеп чыгуу үчүн жумушчу топ түзүүнү сунушташты.
Тараптар муниципалитеттин атайын ишканалары жана түзүмдүк бөлүмдөрү менен кошумча олуттуу талкууларды өткөрүүнү макулдашты.