Күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнүн негизги милдеттеринин бири жылуулук түйүндөрүн оңдоо болуп саналат. Анткени, биз алар аркылуу отканалардан жылуулук энергиясын алабыз.
Оңдоо иштеринин негизги максаты- жылуулук менен камсыздоо системасынын нормалдуу иштешин камсыз кылуу үчүн анын иштебей калганын аныктоо жана жоюу.
"Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасы шаар боюнча 147,2 км жылуулук менен камсыздоо инженердик түйүндөрүн тартты.
Бүгүнкү күндө Кахов көчөсүнүн боюндагы "Факел", "Бишкексельмаш", "Ротор", "БСМ" отканалары, "Горболница" отканасынан Көркөм Академияга чейин, "10-кичи райондогу" отканадан "Горархив" отканасына чейин 1890 метр эскилиги жеткен жылуулук түйүндөрү алмаштырылды.
Коперник көчөсүндө Безымянная көчөсүнө өтүү менен, жалпы узундугу 302 метр жылуулук тармагы курулган. Бул менен биз "Жал" жана "Гагарин" эки отканасынын жылуулук түйүндөрүн туташтырдык.
Бул иштердин максаты-абоненттерибизге жылуулук энергиясын сапаттуу жана үзгүлтүксүз берүү.
"Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасына байланышкан бардык суроолор боюнча төмөнкү телефонго кайрылыңыз: 21-28-47-абоненттик бөлүм.