КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Куткаруу кызматы №69 мектеп-гимназиясынын 10-11 класстарынын окуучулары үчүн ачык эшик күнүн өткөрдү.
Биринчи май районунун Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн аскер кызматкерлери 161 -Куткаруу кызматынын аскер кызматкерлери менен биргеликте курал -жарак жана куткаруу техникалары боюнча таанышуу сабактарын өткөрүштү.
Иш -чара Бүткүл дүйнөлүк табигый кырсык коркунучун азайтуу күнүнө карата уюштурулду.