Бишкектиктердин ыңгайлуулугу үчүн борбордо катуу отунду (көмүрдү) сатуучу стационардык пункттар, ошондой эле көмүр базалары иштеп жатат.

Бишкек шаарында 6 отун базасы жана 7 стационардык пункт бар. Жакында шаардын турак жайларындагы 35ке жакын стационардык пункттар ачылат.

Ленин районунда төрт отун базасы бар:

- "Ак-Жол" ЖЧК (Мурман көч. № 1а);
- "Торг-Синтез" "Кара-Жыра" ЖЧК   (Мурман көчөсү №59а);
- "Береке" ЖЧК (Мурман көч. № 259);
- "Беш-Сары"  ЖЧК (Мурманкөчөсү №186).

Октябрь районунда:

- "Торг-Синтез" ЖЧК ("Төкөлдөш"  конушу, "Аламүдүн" станциясында).

Свердлов районунда:

- "Восход и К" ЖЧК (Достоевский көчөсү №1).

Ал эми Ленин районунда иштеп жаткан стационардык пункттар  төмөнкү даректерде жайгашкан:

-  Пушкин көч. №182;
-  Гагарин көч. № 67;
- Баррикадный көчөсү №2.

Свердлов районунда:

- "Учкун" жаңы конушу;
- Саадаев жана Орозбеков көчөлөрүнүн кесилиши;
- "Келечек" конушу;
- "Ак-Бата" конушу.