Калаа башчысы Айбек Жунушалиевдин акимдер, түзүмдүк бөлүмдөрдүн жана шаардык кызматтардын жетекчилери менен кезектеги пландык жыйыны өттү.
Пландык жыйындын катышуучулары "Тазалык" муниципалдык ишканасынын күз-кыш мезгилине даярдыгы жана ишкананын ишин жакшыртуу пландары, мэрдин шаардыктарды жеке кабыл алуусунда берген тапшырмаларынын аткарылышы боюнча маалыматтарды талкуулады.
Күзгү-кышкы тазалоо мезгили 1-ноябрдан 1-мартка чейин белгиленген. Аба-ырайы кескин өзгөргөн учурда кышкы тазалоонун башталыш жана аяктоо мөөнөтү Бишкек шаарынын мэриясынын шаардык чарба департаменти жана ЖКККББ тарабынан жөнгө салынат. Жолдордун боюндагы аялдамаларды жана тротуарларды кардан тазалоо иштерин 715 жол тейлөөчү жана 121 жүктөгүч жүргүзөт. Ошондой эле, 26 атайын техника тартылат. Азыр инерттик материалдарды (техникалык туз) жеткирүү график боюнча жүрүп жатат.
Жолугушуунун жыйынтыгында Айбек Жунушалиев шаардык кызматтардын функционалдык милдеттерин кайра карап чыгууну жана аларга мүнөздүү эмес милдеттерди алып салууну тапшырды. "Тазалык" муниципалдык ишканасына абоненттик базаны көбөйтүү жана команданын ишинин сапатын жакшыртуу боюнча ишти күчөтүү тапшырылды.
Мэр ошондой эле бардык жетекчилерге каражаттын кеч берилиши финансылык тартипти одоно түрдө бузуу экенин эскертип, Аудит башкармалыгына текшерүүнү тездетүүнү жана аны объективдүү жүргүзүүнү тапшырды.
Райондордун башчылары жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери маселелерди жеринде чечишпейт, ушул себептен улам борбор калаанын тургундары мэрияга кайрылууга аргасыз. Шаардыктар менен болгон жеке жолугушуулардын жыйынтыгы боюнча, мэр бардык жетекчилерге эскертүү берип, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын чегинде маселелерди ыкчам чечүүнү жана зарыл болгон учурда колдонуудагы ченемдик базага толуктоолорду киргизүү боюнча сунуштарды берүүнү талап кылды.