"Северный" суу алуучу жайындагы жана шаардык суу түтүктөрүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу 5 -октябрда саат 9:00дөн 21:00гө чейин ичүүчү суу берүү токтотулат.
Куренкеев, Абдрахманов, Элебесов, Бельская көчөлөрү, Ала-Арча дарыясы, Жибек Жолу проспектиси, М.Гвардия бульвары, ЧЧК чектешкен аймакта суу токтотулат.
Анын ичинде: "Красный строитель", "Ак-Тилек", "Көлмө", "Алтын Бешик", "Салам Алик" жарым конуштары, Панфилов, Фрунзе, Манас көчөлөрү, темир жол линиясы.
Борбор калаанын мэриясы келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт жана шаар тургундарын таза суу камдап алууларын суранат.