Биз жаңы конуштардын инфраструктурасын жакшыртууну улантуудабыз. "Мурас-Ордо" конушунда жабык дренаждык тармактын курулушу башталды.
Тармактардын узундугу 3,5 км, 900гө жакын үйдү камтыйт. План боюнча курулуш келерки жылдын аягына чейин бүткөрүлөт.
Бишкек шаарынын мэриясынын Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан өткөрүлгөн конкурстун жыйынтыгында "Алмалы-Доор" курулуш компаниясы жеңүүчү аныкталды.
Каржылоо булагы - шаардык бюджет.
Маалымат: Жабык горизонталдык дренаж - бул дренаждык сууну чогултуу жана анын сыртына төгүү үчүн арналган жабык түтүкчө системасы.