Борбор калаада 2021-2022-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүү  боюнча шаардык штабдын жыйыны болуп, анда жылытуу мезгилинин башталыш мөөнөтү талкууланды.

Бишкек шаарынын мэриясынын 2021-жылдын 4-октябрындагы №213-р буйругуна ылайык, борбордо жылытуу мезгили 2021-жылдын 5-октябрында саат 00:00дө башталат. Тиешелүү буйрукка калаа башчысы Айбек Жунушалиев кол койду.

Объекттерди туташтыруу бир нече күнгө созулат. Биринчи кезекте мектептерге, бала бакчаларга, ооруканаларга, төрөт үйлөрүнө жана социалдык коргоо мекемелерине жылуулук берилет. Экинчиден - мурда колдонулган жылуулук энергиясы боюнча карызы жок турак жай имараттарына, өнөр жай ишканаларына жана мекемелерине, кышкы шарттарда иштөөгө даярдыгы жөнүндө акты бар объекттерге.

Турак үйдү туташтырууда үйлөрдүн үстүнкү кабаттарынын жылытуучу түзүлүштөрүндө жайгашкан Маевский крандары аркылуу жылытуу системасынан абаны бошотууну суранабыз. Бул чара батирлерге жылуулуктун агымын тездетет.