Калаанын футбол борборунда U13 жашка чейинки кыздар арасында футбол боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионатынын финалы өттү.
Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт башкармалыгына караштуу балдар өспүрүмдөр спорттук мектебинин тарбиялануучулары СДЮШОР СИ-Алга командасы чемпион болушту.
Команданын машыктыруучулары Г.Н.Ахметянова жана Г.О. Уматалиева.
Чемпионат 2021-жылдын март айынан 29-сентябрына чейин өткөрүлүп, оюндар Түндүк-Түштүк эки кичи группасында өттү. Чемпионатка өлкөнүн бардык аймактарынан 13 команда катышты.
Финалда Нур - Баткен, Ош - Каганат, ДЮСШ ВОЛД ШЕЙО - Чүй областы, СДЮШОР СИ - Алга – Бишкек командаларды беттешти.
Борбор калаанын мэриясы футболчуларды жеңиши менен куттуктап, мындан аркы ийгиликтерди каалайт.