Бүгүн таң эрте Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, вице-мэрлер, акимдер жана коммуналдык кызматтардын башчылары менен шаардын ар жеринде таштанды чыгаруунун  чыныгы абалына баа берүү жана "Тазалык" муниципалдык ишканасынын ишиндеги кемчиликтерди аныктоо максатында шаарды кыдырышты.

Эртең мененки саат 5.30дан баштап Бишкек шаарынын мэриясынын жана райондорунун жетекчилери көйгөйлөр менен жеринде таанышып,  шаардын турак жай -коммуналдык чарба блогунун кызматкерлери тарабынан кетирилген кемчиликтерди аныкташты.

Көчмө жыйындын жыйынтыгы боюнча Айбек Жунушалиев вице-мэрлер, акимдер жана шаардык кызматтардын жетекчилери менен пландан тышкары жолугушуу өткөрдү. Иштин абалы боюнча отчеттор угулду жана кошумча таштанды контейнерлерин орнотуу, көчөлөрдү тазалоону уюштурууну жакшыртуу, таштандыны туура абалга келтирүү жана дезинфекциялоо, шаар тургундары жана ишкерлер менен чектеш аймактарды туура тазалоо боюнча түшүндүрүү иштерин күчөтүү боюнча тапшырмалар берилди.