Бишкек шаарынын мэриясында калаа мэри Айбек Жунушалиевдин Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Николай Удовиченко менен жолугушуусу өттү.
Жолугушууга Россиянын Кыргызстандагы соода өкүлчүлүгүнүн башчысы Валерий Латыпов да катышты.
Элчи мэрди дайындалышы менен куттуктады, өз кезегинде Айбек Жунушалиев биргелешкен кызматташтыкты мындан ары бекемдөөгө үмүтүн билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар билим берүү, маданият жана транспорт тармагында Бишкек менен Москванын эки тараптуу кызматташтыгын талкуулашты.