“Бишкекасфальсервис” муниципалдык ишканасы Свердлов районунундагы Аральский чолок көчөсүндө оӊдоо иштерин башталды.
1-октябрдан тарта Элебесов көчөсүнөн Дачная көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылды. Анын узундугу 470 метр, туурасы 6 метрди түзөт. Жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөк жана ирригация тармагы салынат. Ошондой эле, тротуар жана жол бордюрлары, люктар жана түтүктөр орнотулат.
Эске салсак, Свердлов районунун аймагында жол куруу иштери штаттык тартипте жүрүп жатат.
Гражданская көчөсү боюнча Т. Айтматов көчөсүнөн Курманжан Даткага чейинки унаа жол салынып бүтүп, азыр бир тарабына жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жол салынып жатат. Андан кийин экинчи тарабын салуу иштери башталат. Ошондой эле, жөө жүргүнчүлөр үчүн жол жана ирригация тутумдары салынат.
Весёлая көчөсүндө Жибек-Жолу проспектинен Салиевага чейинки иштер уланууда. Ирригация тармагын орнотуу, жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөктү жана жол салуу Салиевадан М.Жалилге чейин толугу менен аяктады. Иштер аяктаган соӊ, жол белгилери орнотулуп, чийиндер чийилет.
Чыгыш-5 кичи районундагы Кийизбаевден тартып Мамбетов көчөсүнө чейинки Армейская көчөсүн жана 7-апрель (Шабдан Баатыр) көчөсүнүн боюндагы жергиликтүү өтмөктүн Чүйдөн Менделеевке чейинки бөлүгү капиталдык оӊдоодон өтүп, жумуштар аяктады.
Шаардык мэрия келтирилген ыӊгайсыздык үчүн кечирим сурайт жана маршрутуӊузду алдын ала пландоону өтүнөт.