2009-2010-жылы төрөлгөн балдар арасында жашаган жери боюнча шаардык Спартакиаданын финалдык оюндары Боталиев көчөсүндө жайгашкан паркта өттү.
Уюштуруучу Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт башкармалыгы болду.
400 жаш спортчу - райондук этаптын жеңүүчүлөрү спорттун беш түрү боюнча күч сынашты: кичи футбол, пионербол, аркан тартыш, балдардын жеңил атлетикасы жана роупп скиппинг.
Иш -чара балдарды үзгүлтүксүз машыгууга, дене тарбия жана спортко тартуу, сергек жашоону жайылтуу, республикалык мелдештерге катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон таланттуу балдарды аныктоо максатында өткөрүлүүдө.
Жалпы командалык биринчи орунду Октябрь району, экинчи орунду Биринчи май району, үчүнчү орунду Свердлов району ээледи.
Мелдештин жеңүүчүлөрү жана байге ээлери медалдар, дипломдор жана баалуу сыйлыктар менен сыйланышты.