Бишкек троллейбус башкармалыгынын мобилдик тобу троллейбустарда санитардык эрежелерди сактоо боюнча күчөтүлгөн иштерин улантууда.
29 -сентябрга карата эл көп чогулган аялдамаларда 130дай троллейбус текшерүүдөн өттү.
Рейддин жүрүшүндө коомдук транспорттун салонунда дезинфекциялоочу каражаттардын болушу жана маска режиминин, аралыктын сакталышы текшерилди.
Белгилей кетсек, санитардык текшерүүнүн максаты - айып пул салуу эмес, шаардыктарга санитардык нормаларды сактоо зарылдыгын эскертүү.
Урматтуу шаардыктар! Сиздерден санитардык -эпидемиологиялык нормаларды сактоону суранабыз: беткап тагынып, антисептик колдонуп, колду тез -тез жууп, бөлмөлөрдү желдетип жана эмдөөдөн өтүңүздөр. Өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүңүздөр!